Парламентте бүгүн, 29-январда академик Мирсаид Миррахимов атындагы Жогорку Кеңештин медалын уюштуруу боюнча токтом долбоору колдоо таппай калды. Демилгечи депутат Ташполот Балтабаевдин айтымында, медаль медицина тармагына ири салым кошкон кадрларга берилмек. Сыйлыктын акчалай кошумчасы 250 миң сом экени айтылган.
Айта кетсек, буга чейин айрым депутаттар “М.Миррахимовдун Жогорку Кеңешке кандай тиешеси бар?” деп каршы болуп келишкен.