Биз социалдык тармакта

Иран бийлиги абактагы 800дөн ашык адамга мунапыс берет

Иран бийлиги өлкөнүн каза болгон жогорку лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатына карата кеминде 850 соттолуучуга мунапыс берет. Бул тууралуу "Tasnim" агенттигине таянып чет элдик басылмалар жазышты.

Алар майда кылмыш иштери үчүн соттолгондор экени айтылды.

"Кокусунан же атайлап эмес жасалган кылмыштар үчүн соттолгон 850 адамды бошотууга көмөктөшүү максатында жекшемби күнү мамлекеттик жана коомдук түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын жыйын өттү. Анда өлкөнүн бардык 31 провинциясынан келген иштер каралды. Натыйжада финансылык милдеттенмелер боюнча камакта жаткан 520 адамды, ошондой эле нике келишимдери жана алимент төлөмдөрүнө байланышкан иштер боюнча соттолгон 330 адамды бошотуу чечими кабыл алынды",- деп айтылат анда.

Ирандын каза болгон жогорку лидери Али Хаменеи менен коштошуу аземи 3-июлда Тегеранда башталат. Аземге кеминде 30 өлкөдөн келген жогорку деңгээлдеги делегациялар катышары күтүлүүдө.

Али Хаменеини жерге берүү зыйнаты 9-июлда анын туулган шаары Мешхед шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан