АКШ Орусияга байланыштуу санкциялардын алкагында чектөөгө алынган Индиянын төрт компаниясына карата санкцияларды жокко чыгарды. Бул тууралуу Hindustan Times басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, аталган компаниялар эки жыл мурда АКШнын Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын санкциялык тизмесине киргизилген. Эми Вашингтон аларга карата киргизилген чектөөлөрдү расмий түрдө алып салды.
Бул чечим АКШ менен Индиянын экономикалык кызматташтыгын чыңдоо жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү багытындагы кадам катары бааланууда. Компаниялардын аталышы жана санкциялар эмне себептен алынганы тууралуу кошумча маалымат азырынча жарыялана элек.