АКШнын президенти Дональд Трамп өлкө өзүнүн президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин дүйнөлүк чип өндүрүш рыногунун 50 пайызын ээлей аларын билдирди.
Ал журналисттерге берген маегинде АКШда учурда жарым өткөргүч (чип) өндүрүшү дээрлик жок экенин, ал эми рынок негизинен чет элдик өндүрүүчүлөрдүн колунда экенин айтты.
Бул билдирүү АКШнын жарым өткөргүч тармагын өнүктүрүү аракеттери күчөп жаткан маалга туш келди. Буга чейин АКШнын соода министри Говард Латник чип өндүрүшүнүн бир бөлүгүн Тайвандан АКШга көчүрүү сунушун берген.
Бирок Тайвань бул демилгени кабыл албасын билдирген. Ошол эле учурда ири технологиялык компаниялар, анын ичинде Google жана Nvidia, жасалма интеллект үчүн эң өнүккөн чиптерди өндүрүүдө Intel компаниясын кошумча өндүрүшчү катары карап жатканы айтылууда.