АКШнын аскердик MH-60S Sea Hawk тик учагы Араб деңизине авариялык конууга аргасыз болду. Бул тууралуу АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя USS George H.W. Bush (CVN 77) авианосецинин курамындагы тик учак машыгуу учурунда болгон. Алдын ала маалымат боюнча, кырсык душмандын чабуулунан улам болгон эмес.
Тик учактагы төрт экипаж мүчөсүнүн үчөө куткарылып, учурда авианосецтин бортунда туруктуу абалда экени айтылды.
Ал эми дагы бир экипаж мүчөсү дайынсыз болуп эсептелүүдө. Учурда аны издөө иштерин АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү улантууда.