Биз социалдык тармакта

Иран мунайына кардар изделүүдө: Деңизде 68 миллион баррель топтолду

АКШнын санкцияларынан убактылуу берилген жеңилдиктин мөөнөтү аяктаганга чейин Иран мунайын сатууга аракет кылып жатат. Ушул тапта деңиздеги танкерлерде жалпы 68 миллион баррелге чейин иран мунайы топтолуп турганын Bloomberg агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) 22-июнда Иран мунайын өндүрүү, сатуу, ташуу жана түшүрүү боюнча операцияларга 21-августка чейин уруксат берген.

Bloomberg билдиргендей, деңизде жүргөн танкерлердин 90 пайыздан ашыгынын так бара турган жери көрсөтүлгөн эмес. Алар кийинки порт катары Сингапурду гана белгилешкен.

Мунайдын негизги бөлүгү Перс булуңунда, анын айланасында, Индия океанында жана Сингапурга жакын Малакка кысыгында жайгашкан.

Ошондой эле Kpler Ltd. компаниясынын маалыматына ылайык, 20 миллион баррелден ашык Иран мунайы Азиядагы сууларда кеминде жети күндөн бери жүктөлбөй турат. Бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу дээрлик 18 пайызга көбөйгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан