Биз социалдык тармакта

Иран АКШ менен Израилге жаңы чабуулдардын кесепетин эскертти

Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн "Хатам аль-Анбия" борбордук штабынын командачысы Али Абдоллахи АКШга, Израилге жана алардын өнөктөштөрүнө Иранга каршы кандай гана коркунуч же агрессия болбосун анын кесепети оор болорун эскертти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анын кайрылуусу Ирандын мурдагы жогорку лидери Али Хаменеи менен коштошуу жана акыркы сапарга узатуу аземи өтүп жаткан күндөргө байланыштуу жасалды.

Иран мамлекеттик телерадиокомпаниясы жарыялаган билдирүүдө өлкөнүн душмандары, айрыкча АКШ, Израил жана алардын аймактык жана аймактан тышкаркы өнөктөштөрү жаңылыш кадамдардан алыс болуп, Ирандын куралдуу күчтөрүнүн мүмкүн болгон жооп чараларын эске алышы керектиги белгиленген.

Буга чейин Иран бийлиги Али Хаменеи менен коштошуу жана акыркы сапарга узатуу иш-чаралары 4-9-июль күндөрү өтөрүн билдирген. Планга ылайык, 4-6-июлда Тегеранда коштошуу аземи, 7-июлда Кум шаарында коштошуу иш-чарасы, ал эми 9-июлда анын сөөгү туулуп-өскөн Мешхед шаарында жерге берүү болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан