Америкалык белгилүү актриса Энн Хэтэуэй үчүнчү кош бойлуулугу тууралуу кабарды жарыялагандан кийин алгачкы жолу эл алдына чыкты.
43 жаштагы актриса режиссёр Кристофер Ноландын "Одиссея" тасмасынын Нью-Йорк шаарындагы бет ачарына катышкан. Иш-чарага Энн Хэтэуэй ачык кызыл түстөгү кийимде келген.
Энн Хэтэуэй менен жолдошу Адам Шульман 2012-жылы баш кошкон. Жубайлар учурда эки уулду тарбиялап келишет. Актриса үчүнчү наристесин күтүп жатканын июнь айында билдирген.