Баткенде чек арачыларга жардам берүү үчүн милициянын ардагерлеринен отряддар түзүлдү

Баткен облусунун чек ара аймагында милициянын ардагерлеринен турган отряддар түзүлдү. Бул тууралуу 29-январда Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, отряддар Ак-Сай, Самаркандек жана Ак-Татыр айылдарынын калкына курч маселелерди түшүндүрүү жана элди сабырдуулукка чакыруу максатында иштерди жүргүзөт. Андан тышкары чек арачыларга жардам көрсөтүшөт. Түзүлгөн отряддар 3 топко бөлүндү: Ак-Сай - Капчыгай, Көк-Таш - Таш-Тумшук -Орто-Боз. Үч-Дөбө - Ак-Татыр - Самаркандык жана Паскы-Арык айылдарында иштешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан