АКШнын президенти Дональд Трамп Иран америкалык тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдө Вашингтонго керек болгон талаптардын дээрлик бардыгына макул болгонун билдирди.
"Азыр биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, ошондуктан анын жыйынтыгы кандай болорун көрөбүз. Менимче, алар бизге керек болгон талаптардын дээрлик баарына макул болушту", — деген Трамп CNBC телеканалына берген маегинде.