Биз социалдык тармакта

Шакаба чегүүбү? Байдендин уулу Трампка Нобел берүүнү сунуштады

АКШнын мурдагы президенти Жо Байдендин уулу Хантер Байден АКШнын азыркы лидери Дональд Трампка Нобелдин тынчтык сыйлыгын ыйгарууну сунуштады.

Ал Трамп Иран менен болгон согуштарды кеминде 38 жолу токтоткон деп эсептейт.

"Тарыхта бир дагы президент бир эле согушту мынчалык көп жолу токтоткон эмес. Ал али бүтө элек. Бул Нобел комитети тарабынан таанууга татыктуу рекорд", - деп жазды ал соцтармактагы баракчасына. Албетте, бул анын шакаба чегиши.

Айта кетсек, Трамп Иран менен тынчтык келишими жакындап келе жатканын бир нече жолу жарыялаган. Америка лидери мындай билдирүүлөрдү 37 жолу жасаган. Бирок келишим али түзүлө элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан