Орусиялык экстремал Иван Биркус сүйүктүүсү Ангела Николауга Нью-Йорктогу Эмпайр-стейт-билдинг имаратынын эң бийик чокусунда үйлөнүү сунушун жасады.
Ошондой эле алар имараттын чокусуна "Сүйүүнүн күчү бийликке болгон сүйүүдөн бийик болгондо, дүйнө тынчтыкты табат" деген жазуусу бар баннерди илишкен.
Көп өтпөй экстремалдар полиция тарабынан кармалган. Аларга мыйзам бузуу боюнча жалпысынан 8 айып тагылууда.