"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул мыйзамды КРнын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 18-декабрында кабыл алган. Аталган документ аз камсыздалган калк катмарына социалдык жардамдын даректүүлүгүн арттыруу максатында иштелип чыккан. Мыйзамда 18 жашка толо элек жаш балдары бар аз камсыздалган үй-бүлөлөргө ай сайын төлөнчү жөлөк пул дайындоо ченеми каралган. Бул ченем Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык келтирилет. Ошондой эле камсыздандыруу чегерүүлөрүн төлөгөн пенсионерлерге карата ай сайын социалдык жөлөк пулду дайындоодо социалдык адилеттүүлүк принцибин бузган ченемдер алынып салынды. Мындан сырткары ВИЧ-инфекциясы бар балдардын жана СПИД менен ооругандардын жөлөк пулдарга жетүүнү камсыз кылууну аныктаган айрым ченемдер киргизилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан