Ирандын маркум жогорку лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатына жүзгө жакын чет элдик делегация барганын ирандык маалымат каражаттары жазышты.
Алардын ичинде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Кытайдын Бүткүл элдик конгрессинин төрагасынын орун басары Хе Вэй, Ирактын президенти Низар Амиди Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, ошондой эле Орусиянын, Индиянын өкүлдөрү да бар.
Кыргызстандан Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев барды.
Айта кетсек, маркум лидерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 3-июлдан 9-июлга чейин уланат.
Салтанаттын экинчи күнүндө, 4-июлда, Хаменеинин сөөгү чыгыш Тегерандагы чоң Мосалла диний комплексинде коюлат, ал жерде ар бир ирандык акыркы сапарга узата алат.
Хаменеи 28-февралда АКШ менен Израилдин Тегеранга жасаган аба соккуларында каза болгон.