Францияда аптаптуу ысыктан жабыр тартып, ооруканаларга кайрылгандардын саны арбыды. Медицина кызматкерлери жумуштагы мындай жүктөмдү коронавирус падемиясына салыштырып жатышат.
BFM TV телеканалы кабарлагандай, акыркы күндөрү бейтаптардын агымы 10-15 пайызга көбөйгөн. Бир нече ооруканалар көчмө кондиционерлерди сатып алышкан. Айрымдарында дагы деле жетишсиз болууда.
Ла-Рошель шаарындагы оорукананын директорунун орун басары Тьерри Монтурси бейтаптардын көп болуп жатканын коронавирус мезгилине салыштырган.
"COVID пандемиясына кайтып келгендей сезим калтырууда. Оор учур", - деген ал.
Франция, Бельгия жана Нидерландыда катуу ысыктан каза болгондордун саны 3,5 миңден ашканы айтылууда. Буга чейин серепчилер аномалдуу ысык Европаны 5 миллиард еврого чыгымга учуратарын божомолдошкон.
