Биз социалдык тармакта

Казакстан күйүүчү майды мыйзамсыз алып чыгууга каршы көзөмөлдү күчөттү

Казакстандын чек ара аймактарында күйүүчү майды мыйзамсыз алып чыгууга каршы көзөмөл күчөтүлдү. Акыркы эки суткада өткөрмө бекеттеринде үч тоннадан ашык күйүүчү майды мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган 61 учур аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Өкмөт ички рынокту күйүүчү май менен камсыздоону артыкчылык деп атап, бензинди өлкөдөн чыгарууга коюлган тыюуну дагы алты айга узартууну сунуштады.

"Күйүүчү майдын баасындагы айырма сакталып жаткандыктан, Казакстандын чек ара аймактарына Орусиянын мамлекеттик номурлуу унааларынын агымы кескин көбөйдү", - деп белгиленген маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан