Акыркы суткаларда Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу лимиттен ашып жатат

29-январга карата Кыргызстанда 64,92 млн. кВт саат электр энергиясы колдонулду, бул өткөн жылга салыштырмалуу 8.21 млн. кВт саатка көп. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Акыркы суткада 2912 МВт кубат колдонулуп, ал өткөн жылга салыштырганда 266 МВт.ка көп болду жана бекитилген лимиттен 132 МВт ка ашыкча керектелди.

Эң эле көп электр энергиясын - 1,44 млн. кВт саатты - Бишкек шаары колдонгон, кийинки катарда Чүй областы - 0,16 млн. кВт саат, Ысык-Көл областы- 0,43 млн. кВт саат жана башка аймактар турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан