
Кечээ, 6-июлда Кытайдын Фуцзянь провинциясында окумуштуулар байыркы куштун жакшы сакталган ташка айланган калдыгын табышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Анда белгиленгендей, бул табылга азыркы куштардын кыска куйругу кандайча калыптанганын түшүндүрүүгө жардам берди.
Окумуштуулардын айтымында, табылган куштун куйругу мурдагы түрлөргө салыштырмалуу кыскарып калган, бирок азыркы куштарга мүнөздүү болгон пигостиль али толук калыптана элек болгон. Бул куштардын эволюциясы акырындык менен жүргөнүн көрсөтөт.
Адистердин белгилешинче, кыскарган куйрук куштардын денесин жеңилдетип, учуудагы шамдагайлыгын жакшырткан.