Биз социалдык тармакта

Президенттер: Пакистандын лидери Асиф Али Зардари тууралуу кызыктар

Кыргызстанда учурда Пакистандын президенти Асиф Али Зардари расмий сапары менен жүрөт. Бүгүн, 7-июлда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров менен Пакистандын лидери Зардаринин жолугушуусу орун алды. Анда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттары жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле лидердин маданий иш-чараларга катышуусу күтүлүүдө.

"Президенттер" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Асиф Али Зардари тууралуу баяндап беребиз.

Атасы саясатчы болгон

Асиф Али Зардари 1955-жылы 26-июлда Пакистандын Синд провинциясында бардар үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Атасы саясатчы, ишкер Али Хаким Зардари. Ал бир катар жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалап, анын ичинде өкмөттүн коррупцияга каршы күрөш комитетин жетектеген. Хаким Али Зардари 2011-жылы каза болгон.

Балалык күндөрү

Асиф Али Зардари Карачи шаарында чоңоюп, калаадагы Karachi Grammar School мектебин аяктаган. Андан соң Петаро шаарындагы кадеттик колледжге (аскердик-мектеп интернаты) тапшырып, аны 1974-жылы бүтүргөн. Ал Лондондогу экономика жана бизнес тармагында билим алган. Өлкөсүнө кайтып келген соң ал атасына үй-бүлөлүк бизнести жүргүзүүгө жардам берген.

Жубайы өлкө өкмөтүн эки жолу жетектеген

1987-жылдын 18-декабрында ал ошол учурда Пакистан элдик партиясынын лидери жана оппозиция башчысы болгон Беназир Бхуттого үйлөнгөн. Бхутто өлкө өкмөтүн 1988-1990 жана 1993-1996-жылдары башкарган. Анын ысымы өлкө тарыхында алгачкы айым өкмөт башчы болуп калды. Беназир Бхутто 2007-жылы кол салуудан каза болгон.

Жубайлардын 2 кыз, 1 уулу бар. Баласы Билавал Зардари – Пакистандын элдик партиясынын төрагасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан