
Америкалык Microsoft компаниясы 4800 жумуш ордун кыскартарын жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Компаниянын маалыматына ылайык, кыскартуулар жалпы кызматкерлердин болжол менен 2,1 пайызын түзөт. Microsoft бул чечим жасалма интеллекттин өнүгүшүнө түздөн-түз байланыштуу эмес экенин белгиледи.
Компаниянын кадрлар боюнча жетекчисинин айтымында, жасалма интеллект айрым иштердин аткарылышын өзгөртүп жатканы менен, жоюлуп жаткан кызмат орундарын ЖИ алмаштырбайт.
Чет элдик басылмалар белгилегендей, Microsoft жаңы каржылык жылга даярдыктын алкагында кызматкерлердин санын оптималдаштырып турат. Компаниянын каржылык жылы июнь айында аяктайт жана ушул мезгилде кадрдык өзгөрүүлөрдү жүргүзүү адатка айланган.
6-июлдагы соода жыйынтыгында Microsoft компаниясынын акцияларынын баасы 1,5 пайыздан ашык арзандады.