
Өзбекстандын Андижан шаарында Наргиза Бекжонова аттуу жаран кечээ, 6-июлда беш эмди жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу Өзбекстандын массалык маалымат каражаттары маалымдашат.
Ымыркайлардын үчөө кыз, экөө эркек бала. Алар кесарево жолу менен мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн.
Төрөлгөн ымыркайлардын салмагы:
Биринчи бала (кыз): 1450 грамм;
Экинчи бала (уул): 1605 грамм;
Үчүнчү бала (кыз): 1495 грамм;
Төртүнчү бала (уул): 1585 грамм;
Бешинчи бала (кыз): 1205 грамм.
Төрөт ийгиликтүү өтүп, эне жана ымыркайлар адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү үчүн Республикалык адистештирилген илимий-практикалык медицина борборунун Андижан облустук филиалына которулган. Дарыгерлердин айтымында, эненин да, беш эмдин да абалы туруктуу жана жакшы.