Биз социалдык тармакта

Дамаскта Макрон жайгашкан мейманкананын жанында жардыруу болду (видео)

Сириянын борбору Дамаскта жардыруу болуп, коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Маалыматтарга караганда, жардыруучу зат салынган унаа Франциянын президенти Эммануэль Макрон токтогон мейманкананын жанында турган.

Чет элдик басылмалар билдиргендей, окуя болгон учурда Макрон Сирияда расмий сапар менен жүргөн. Бирок Франциянын лидери жардырууга аз убакыт калганда бул аймактан чыгып кеткен.

Жергиликтүү бийлик Дамаскта айрым жолдорду жаап, окуя боюнча иликтөө иштерин баштады. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат тактала элек.

Белгилей кетсек, Эммануэль Макрон Башар Асаддын режими кулагандан кийин Сирияга барган алгачкы батыш өлкөлөрүнүн лидерлеринин бири катары аталууда.

Дамаскта Макрон конгон мейманкананын жанында жардыруу болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан