Биз социалдык тармакта

Токаев кайрадан президенттикке талапкер боло алат

Казакстандын Конституциялык соту жаңы Конституциянын жоболору учурдагы президент Касым-Жомарт Токаевге кайрадан президенттик кызматка талапкерлигин коюуга тоскоолдук жаратпай турганын расмий түшүндүрдү. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Соттун токтомунда 1995-жылдагы Конституцияга ылайык мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдар 2026-жылдагы жаңы Конституция күчүнө киргенден кийин да тиешелүү кызматтарга шайлана же дайындала алары белгиленген.

Казакстандын жаңы Конституциясы 2026-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирди. Ал март айындагы республикалык референдумда жактырылып, мамлекеттик башкаруу системасына өзгөртүүлөрдү, анын ичинде бир палаталуу парламентке өтүүнү карайт.

Эске салсак, 2022-жылдагы конституциялык реформадан кийин Казакстанда президент бир гана жети жылдык мөөнөткө шайлана алат. Токаевдин учурдагы президенттик мөөнөтү 2029-жылдын күзүндө аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан