Биз социалдык тармакта

Киевдин жанынан Монакодогу жардырууга шектелген украиналык аялдын сөөгү табылды

Украинанын Киев шаарынын жанынан Монакодогу ишкерге кол салууга шектелип изделип жаткан 39 жаштагы Анастасия Березовскаянын сөөгү табылганы кабарланды.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, аялдын сөөгү 6-июлда табылып, ал ок жеп каза болгону айтылууда.

Ошондой эле бул иш боюнча эки шектүү кармалганы маалымдалды. Алардын бири Украинанын Коргоо министрлигинин кызматкери, экинчиси мурдагы укук коргоо органынын кызматкери экени белгиленүүдө.

Буга чейин Интерпол Анастасия Березовскаяны Монакодо украиналык ишкер Вадим Ермолаевге кол салууга байланыштуу эл аралык издөөгө жарыялаган.

Эске салсак, 30-июнда Монакодо болгон жардыруудан үч адам жабыркап, алардын арасында Киевдин санкциялык тизмесине киргизилген украиналык ишкер Вадим Ермолаев да болгондугу айтылууда. Учурда алар ооруканада дарыланышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан