Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук штабы АКШнын өлкөнүн түштүгүндөгү соккуларын айыптап, катуу жооп кайтарууга убада кылды.
"Ирандын Куралдуу күчтөрү АКШнын агрессиясына жана террористтик аракеттерине катуу жооп кайтарат",- деп айтылат мекеменин тараткан билдирүүсүндө.
Ошондой эле анда "эч кандай шартта Ормуз кысыгынын иштерине же башкаруусуна кийлигишүүгө жол берилбейт" деп кошумчаланат.
Буга чейин АКШнын Борбордук командачылыгы Ирандагы 80ден ашык бута жок кылынганын жарыялаган. Вашингтон бул соккуларды Ирандын Ормуз кысыгынан өтүп бараткан соода кемелерине жакында жасаган чабуулдары үчүн өч алуу деп атаган.