Биз социалдык тармакта

Төрт жыл камалып жаткан 16 бала. АКШда жүрөк үшүн алган окуя катталды

АКШнын Огайо штатында акыркы жылдардагы эң оор үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын бири аныкталды. Полиция Хэмден аттуу чакан шаарчадагы эски, кароосуз калган үйдү тинтүү учурунда 1,5 жаштан 18 жашка чейинки 16 бала табылганын билдирип, дүйнө элин нес кылды.

Чет элдик басылмалардын маалыматка ылайык, полиция бул үйгө балдар боюнча эмес, башка ишке байланыштуу текшерүү жүргүзүү үчүн барган. Бирок үйдүн ичиндеги көрүнүш укук коргоо кызматкерлерин таң калтырган. Огайо штатынын башкы прокурору Энди Уилсон бул окуяны сөз менен айтуу кыйын экендигин билдирди.

"Алар дээрлик жапайы жаныбарлардай көрүнүштү. Бул абдан жүрөк үшүн алган көрүнүш болду",- деген прокурор Энди Уилсон.

Балдар адам чыдагыс шартта жашаган

Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, балдар көп жылдар бою өтө оор шартта жашап келишкен. Үйдүн ичи таштандыга толуп, санитардык абал талапка жооп берген эмес. Үйдүн айланасында эски дөңгөлөктөр, сынып калган велосипеддер, балдардын буюмдары жана ар кандай керексиз буюмдар үйүлүп жаткан.

Винтон округунун шерифи Райан Кейн мындай шарттарда адам эмес, жаныбарларды да кармоого болбой турганын белгиледи. Балдар акыркы төрт жыл ичинде болжол менен 12 чарчы метр болгон, кичинекей бөлмөдө камалып жашашкан.

Үйдүн абалы ушунчалык начар болгондуктан, текшерүүдөн кийин прокурор имараттагы жагымсыз жыт дагы деле эсинен кетпей жатканын айткан.

Балдардын айрымдары оор абалда болгон

Окуя аныкталгандан кийин балдар тез арада коопсуз жерге чыгарылды. Алардын жетөө Колумбус шаарындагы ооруканаларга жаткырылган. Дагы эки бала санитардык тик учактар менен атайын медициналык борборлорго жеткирилген.

Балдардын биринин абалы оор болуп, жасалма дем алдыруу аппараты талап кылынган. Учурда бардык балдар социалдык кызматтардын убактылуу көзөмөлүндө.

Адистер балдардын физикалык гана эмес, психикалык абалы да олуттуу жабыркаганын белгилешүүдө.

Ата-эне жана туугандарына айып коюлду

Бул иш боюнча төрт адам кармалды. Алар — балдардын ата-энеси 36 жаштагы Гэри Сайдерс жана анын 33 жаштагы жубайы Элизабет, ошондой эле чоң ата-чоң энеси Гэри жана Кристина Сайдерс.

Аларга балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан шарттарды түзүү боюнча 17 берене менен айып тагылды. Эгерде күнөөлөрү далилденсе ар бир эпизод боюнча шектүүлөр 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок сот отурумунда айыпталуучулар өз күнөөсүн мойнуна алышкан жок.

Үй-бүлө балдарды коомдон кантип жашырып келген?

Тергөө учурунда эң таң калтырган жагдайлардын бири - бул үй-бүлө балдарды айлана-чөйрөдөн дээрлик толугу менен жашырып келгени болду. Балдар мектепке барышкан эмес, медициналык документтери дээрлик жок жана социалдык кызматтардын көзөмөлүнө түшүшкөн эмес.

Үй-бүлө 2008-жылдан бери Огайо штатынын түштүк аймактарындагы ар кайсы райондорго көчүп жүрүп, расмий каттоолордон качып келген деген маалымат бар.

Коңшулары да бул үйдө балдар жашаганын билбегенин айтышкан. Айрымдары бир нече жыл бою үйдүн жанынан бир да бала көрбөгөнүн билдирди.

Коомчулуктагы реакция

Огайо штатынын губернатору Майк Девайн балдарга бардык зарыл жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

Укук коргоо кызматкерлери үчүн да бул окуя күтүүсүз болгон. Айрым тажрыйбалуу офицерлер балдардын абалына таң калганын айтышкан. Маалыматка караганда, айрым балдар сүйлөй албай калган, ал эми өнүгүүсүндө өзгөчөлүгү бар 18 жаштагы кыз өзүнүн атын жаза алган эмес.

Бул окуя АКШдагы балдарды коргоо системасынын иштеши боюнча бир катар суроолорду жаратты. Анткени 16 баладан турган үй-бүлө бир нече жыл бою мектеп системасынан, медициналык көзөмөлдөн жана социалдык кызматтардан сыртта калган.

Адистер мындай учурларда коңшулардын, мектептердин, медициналык мекемелердин жана социалдык кызматтардын өз ара байланышы өтө маанилүү экенин белгилешет.

Төрт жыл камалып жаткан 16 бала. АКШда жүрөк үшүн алган окуя катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ulan
2026-07-09 02:17:00
АКШда ушундай нерсе катталса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан