Биз социалдык тармакта

АКШнын Иранга жасаган акыркы соккуларынын масштабы айтылды

8-июлга караган түндө АКШнын Иранга каршы жасаган соккулары апрель айында ок атышууну токтотууга кол коюлгандан берки эң ири чабуул болду. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалынын талдоосунда айтылат.

Маалыматка караганда, АКШнын күчтөрү тарабынан түн ичинде кеминде үч шаарга жана алардын ичиндеги көптөгөн буталарга сокку урулган. Кешм аралы негизги буталардын бири болуп, кеминде жети бутага сокку урулган. Ормуз кысыгынын жээгинде жайгашкан Сирик шаарына да чыбуул болгон. Бендер-Аббас портунда телекоммуникация мунараларын кошо алганда 10 бутага сокку урулган.

АКШнын расмий өкүлүнө шилтеме жасаган Axios маалымат каражаты шаршемби күнү кечинде Ормуз кысыгындагы Ирандын буталарына жасалган аскердик соккулар 10 күн мурун жасалган соккулардан төрт-беш эсе чоң болгонун билдирди.

АКШнын Жакынкы Чыгыштагы Борбордук командачылыгы Ормуз кысыгынан өтүп бараткан соода кемелерине жакында жасалган Ирандын кол салууларына дароо жооп катары 80ден ашык бутага сокку урганын жарыялаган.

Иран Перс булуңундагы америкалык аскердик базалардагы 85 бутага сокку урганын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан