
Кытайдын түндүк-батышындагы Ганьсу провинциясында жер көчкү түшүп, 33 адам урандылардын астында калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Кырсыктын кесепетинен 21 адам каза болуп, 7 адам жеңил жаракат алган. Дагы 5 адам куткарылган. Учурда издөө-куткаруу иштери аяктап, жергиликтүү тургундар коопсуз аймактарга көчүрүлдү.