
Түркиянын Болу провинциясында шаар аралык каттам жүргүзгөн автобус кырсыкка учурап, 15 адам жаракат алды. Бул тууралуу Anadolu маалымат агенттиги кабарлады.
Маалым болгондой, айдоочу жолдогу тосмону, андан соң ресторандын жарнама түркүгүн сүзүп токтогон. Анын кесепетинен 15 адам, анын ичинде айдоочу да жаракат алган. Беш адамдын абалы оор экени айтылууда.
Кырсык боюнча териштирүү иштери башталды.