АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен ок атышууну токтотуу келишими мындан ары күчүндө эмес экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Анын айтымында, АКШ 8-июлга караган түнү Ирандагы бир нече аскердик объектке сокку урган. Бул чабуул Ормуз кысыгындагы кемелерге жасалган чабуулга жооп катары жүргүзүлгөнү айтылды.
Трамп ошондой эле Иран менен мындан ары сүйлөшүүлөрдү улантуунун зарылдыгын көрбөй турганын билдирди.