Биз социалдык тармакта

АКШ Испания менен соода алакаларын токтотууну көздөп жатат

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн каржы министри Скотт Бессентке Испания менен болгон бардык соода алакаларын токтотууну тапшырды.

"Reuters" агенттигинин маалыматына ылайык, ал бул тууралуу НАТОнун Түркиянын борбору Анкара шаарында өткөн саммитинин алкагында билдирген.

АКШ лидери мындай чечимди Мадридди альянстагы ишенимсиз өнөктөш деп эсептегендиктен кабыл алганы менен түшүндүргөн.

Эске салсак, март айында Испаниянын бийлиги Вашингтонго өлкө аймагындагы биргелешкен аскердик базаларды Иранга каршы операциялар үчүн колдонууга уруксат бербей турганын билдирген. Ошондой эле америкалык аскердик өнөктүккө катышкан учактар үчүн өзүнүн аба мейкиндигин жапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан