Вице-премьер-министр Муродали Алимардон баштаган тажик делегациясы бүгүн, 30-январда Бишкекке келет. Муну 29-январда Тажикстандын Согдий облусунун башчысынын орун басары Жумабай Сангинов билдиргенин коңшу өлкөнүн ММКлары жарыялашты. "Тажикстандык делегация 30-январда Бишкекке учат",- деп билдирет Сангинов.
Бишкекте Муродали Алимардон менен Кыргызстандын вице-премьер-министри Токон Мамытов жолугушуп, кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйлөрдү талкуулашат. Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште Баткендеги чек ара чатагы боюнча өкмөттүк күн өтөт. Ага премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт өкүлдөрү катышмакчы.