Түркиянын Айдын провинциясында жээк күзөт кызматы деңизде жалгыз сүзүп бараткан үйлөмө тегерекчени байкаган. Анын ичинде 5 жаштагы кыз болгон.
Кийин белгилүү болгондой, кыз болгону 5 мүнөткө чоңдордун көзөмөлүсүз калып калган. Ошол учурда шамал аны ачык деңизге алып кеткен.
Бул чыныгы керемет болду — деңиз патрулунун кызматкерлери кызды өз убагында көрүп калып, аман-эсен куткарып калышты.
Көпчүлүк аларды кичинекей кыздын “куткаруучу периштелери” деп аташууда.