Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынган эксперт Александр Князев кыргыз-тажик чек ара чатагына кыргыз тарапты күнөөлөп жатат

Орусиялык журналист, эксперт Александр Князев кыргыз-тажик чек ара көйгөйүнө кыргыз тарапты күнөөлөп жатат. Тажикстандык маалымат булактарына берген маегинде Князев буларды билдирди:

"Тажикстан жол курулуп жаткан жердин такталбаган аймак экенин айтып жатса, кыргыз тарап кескин түрдө өздөрүнө караштуу экенин билдирүүдө. Кыргыз бийлиги батыштын донорлорунун колдоосу менен транспорт көз карандысыздыгы жөнүндө сөз кылууда. 11-январдагы окуя боюнча комментарий берүүдө расмий Дүйшөмбү сабырдуулук кылды. Ал эми Бишкектин билдирүүсү конфликттүү, компромисске барууга каалоонун жоктугун жар салган маанайда болду".

Эксперт кыргыз тарап авиакаттамдар аркылуу да Тажикстанга кыр көрсөтүп жатканын белгилейт. "Бишкек бийлигиндеги кимдир-бирөөлөргө жана күч органдарына бул конфликт абдан керектей таасир калтырат",- дейт ал.

Эскерте кетсек, Александр Князевдин Кыргызстанга киришине 2013-жылдын апрель айында тыюу салынган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан