Биз социалдык тармакта

25 долларга сатылган тамеки калдыктары. Тейлор Свифттин тоюнан кийинки кызыктуу окуялар

Америкалык ырчы Тейлор Свифт менен футболчу Травис Келсинин 3-июлда өткөн үйлөнүү тоюнан чогултулган таштандыларды сүрөтчү Жастин Гиньяк 25 доллардан сатып, бардык лоттор бир сутка ичинде сатылып кеткенин жазышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, сатыкка тамеки калдыктары, бөтөлкө капкактары, идиш-аяктар, кулакчын жана башка буюмдар коюлган. Сүрөтчү алгачкы 50 лоттон 1250 доллар киреше тапканын билдирди.

Жастин Гиньяк мындай иштерди 20 жылдан бери жасап келерин айттып, аларды маданий окуялардын "убакыт капсуласы" катары бааларын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан