Жантөрө Сатыбалдиев менен ЕККУнун Бишкектеги өкүлү укук коргоо органдарын реформалоо тууралуу пикир алышты
29-январда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун Бишкектеги борборунун башчысы Сергей Капинос жолугушту. Тараптар укук коргоо органдарында реформа жүргүзүү боюнча пикир алышканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Сатыбалдиев 1-марттан баштап укук коргоо тармагында иштегендердин айлыгы 37 пайызга көтөрүлө турганын айтса, Капинос ЕККУнун Бишкектеги борборунун бир жылда аткарган иштери боюнча маалымат берди.