Кытайдын түштүгүндөгү Гуанси-Чжуан автономиялуу районунда нөшөрлөгөн жаандан улам болгон сел кырсыгынан 39 адам каза болду. Бул тууралуу «Синьхуа» агенттиги жазды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, дагы 9 жаран дайынсыз болууда.
Каза болгондордун катарына Гуанси-Чжуандын административдик борбору болгон Наньнин шаарындагы суу сактагычтын дамбасы жарылып кеткенде көз жумган адамдар да киргизилген. Бул маалымат селге каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча өткөрүлгөн маалымат жыйынында айтылды.

4-июлдан 6-июлга чейин нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен аталган райондогу көптөгөн дарыяларда суунун деңгээли кооптуу чектен ашкан. Ошондой эле бир нече суу сактагычтын дамбалары жабыркаган.