Орусиялык ырчы Шаман (чыныгы аты Ярослав Дронов) Пермдеги концерт учурунда сахнада жыгылганы тууралуу маалыматты четке какты.
Дронов Telegram каналы аркылуу жасаган билдирүүсүндө интернетке тараган видео мындан үч жыл мурун тартылганын тактады. Ал 2023-жылы, айрым булактар айткандай Пермде эмес, мамлекеттик Кремль сарайындагы концертте тартылган.