Биз социалдык тармакта

АКШнын Иранга жасаган соккуларынан 14 адам каза болуп, 78 адам жаракат алды

АКШнын Иранга 8-9-июлда жасаган аба соккуларынан 14 адам каза болуп, 78 адам жаракат алды. Бул тууралуу Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Хоссейн Керманпур билдирди.

Анын айтымында, жаракат алгандардын 47си учурда ооруканаларда дарыланып жатат, ал эми калгандары медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылган. Керманпур АКШнын күчтөрү Ирандын 5 провинциясындагы объекттерге сокку урганын кошумчалаган.

Буга чейин АКШ Ирандын түштүгүндөгү бир катар объекттерге абадан сокку уруп, ага жооп катары Тегеран Кувейт менен Бахрейндеги америкалык аскердик базаларга ракеталык сокку жасаган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан