Биз социалдык тармакта

Германияда катуу ысыктан улам 5 миңден ашык адам каза болду

Германияда жыл башынан бери ысык аба ырайынын кесепетинен 5 миң 120 адам каза болду. Алардын көпчүлүгү июнь айынын аягында катталган. Бул тууралуу Reuters агенттиги саламаттык сактоо кызматына таянып билдирди.

Маалым болгондой, июнь айынын аягында аймакта абанын орточо температурасы +20га чейин көтөрүлгөн.

Каза болгондордун ичинен 4 миң 270ин 75 жаштан жогорку курактагылар түзгөн.

"Copernicus" программасынын байкоолорунда Батыш Европада июнь эң ысык ай болуп калды. Өткөн айда абанын орточо табы +20,74 градуска жеткен. 20-28-июнга чейин катуу ысыктан Франция, Бельгия, Испания жана Нидерландда 4700 адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан