Биз социалдык тармакта

Британиялык ырчы Бонни Тайлер каза болду

Британиялык ырчы Бонни Тайлер 76 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар ырчынын жакындарына таянып жазышты.

Маалым болгондой, ал 8-июлда Португалиянын Фару шаарындагы ооруканада көз жумган.

Ырчынын өзүнүн чыныгы аты-жөнү Гейнор Хопкинс. Ага дүйнөлүк атактуулукту "It's a Heartache", "Total Eclipse of the Heart" жана "Holding Out for a Hero" ырлары алып келген.

Тайлер карьерасында ондогон альбом чыгарган. 2013-жылы музыкага кошкон салымы үчүн Британ империясынын орденине татыган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан