АКШнын президенти Дональд Трамптын сөлөкөтү Ирандын маркум жогорку лидери Али Хаменеинин сөөгү коюлган учурда өрттөлгөн. Видео интернет желесинде тарап жатат.
Сөөк коюу аземинде катышуучулар Америкага каршы ураан да таштап, Ирандын мурдагы жогорку лидеринин өлүмү үчүн өч алууга чакырышкан.
Мурда The Wall Street Journal басылмасы Израилдин чалгындоо кызматы АКШ бийлигине Иран Дональд Трампка кол салууну пландап жатканы тууралуу эскерткенин жазган.