Биз социалдык тармакта

Астанада 14 жаштагы мектеп окуучусунун иши боюнча сот өкүмү коомчулукта нааразылык жаратты

8-июлда Казакстандын Астана шаарында 14 жаштагы мектеп окуучусуна карата сексуалдык зомбулук иши боюнча сот өкүмү чыгып, ал коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Соттун чечими менен 3 колледж студенти 8 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылды. Дагы бир айыпталуучу кылмыш тууралуу билдирбегени үчүн 2 жыл 8 айга соттолду.

Укук коргоочулар менен коомдук активисттер соттун чечимин сынга алып, иш боюнча айыптоо сотко чейин жеңилирээк берене боюнча өзгөртүлгөнүн жана жабырлануучунун ата-энеси бул тууралуу алдын ала кабардар болбогонун билдиришти. Жабырлануучунун жактоочулары өкүмгө каршы апелляциялык даттануу берип, ишти Жогорку сотко жана эл аралык укук коргоо уюмдарына чейин жеткирүүнү көздөп жатышканын маалымдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан