Биз социалдык тармакта

Ортомчу өлкөлөр АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалууну басаңдатууга аракет көрүшүүдө

АКШ менен Ирандын ортосунда кайра күчөгөн жаңжалдын андан ары курчушуна жол бербөө максатында бир катар ортомчу өлкөлөр эки тарап менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн Axios басылмасы өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Катар, Пакистан, Түркия, Египет жана Сауд Арабиясынын расмий өкүлдөрү шаршемби күнү АКШ жана Ирандын өкүлдөрү менен бир нече жолу телефон аркылуу байланышып, кырдаалды жөнгө салууга аракет кылышкан.

Басылманын маалыматына ылайык, акыркы өз ара соккуларга карабастан, ортомчу өлкөлөр мурдагы сүйлөшүүлөрдө Ирандын өзөктүк программасы боюнча белгилүү бир жылыштар болгон деген ишенимин сактап келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан