Тегерандын чыгыш тарабында угулган жарылуулар жардыруучу заттарды көзөмөл алдында жок кылуу иштерине байланыштуу болгонун Tasnim агенттиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө таянып жазды.
Билдирүүдө: “Тегеран провинциясынын чыгыш бөлүгүндө угулган жарылуу үндөрү жардыруучу заттарды көзөмөлдөнгөн тартипте жок кылуу операциясына байланыштуу”, - деп айтылат.
Буга чейин ишемби күнү Fars агенттиги Тегерандын чыгыш тарабында жарылуунун үнү угулганын кабарлаган.