АКШнын президенти Дональд Трамп ага кол салуу аракети болсо Иран тарапка миң америкалык ракета толук күжүрмөн даярдыкта багытталып турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Миң ракета толук күжүрмөн даярдык режиминде Иранга багытталган. Эгер Иран өкмөтү АКШнын учурдагы президентин өлтүрүү же ага кол салуу боюнча айтылган коркутууларын ишке ашырса, алардын артынан дагы миңдеген ракеталар колдонулат", - деп жазды Трамп.