Биз социалдык тармакта

Тегерандын чыгыш тарабында жарылуу болду

Тегерандын чыгыш тарабында жарылуунун үнү угулганын Fars агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Тегеран провинциясынын чыгышындагы Пакдашт жана Каямдашт шаарларынын тургундары бир нече мүнөт мурун жарылуунун үнүн уккан.

Азырынча жарылуунун так кайсы жерде болгону жана анын себеби белгисиз экени айтылды.

Буга чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Тегерандын чыгышында угулган айрым жарылуулар көзөмөл алдындагы жардыруучу заттарды жок кылуу иштерине байланыштуу болгонун билдиришкен. Бирок бул жолу катталган жарылуунун ошол окуяга тиешеси бар-жогу азырынча тактала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан