2013-жылы Кара-Кулжа районунда Ылай-Талаа — Гүлчө унаа жолундагы Күлөжүн дарыясына курулган көпүрө ишке берилген. Бирок жыл айланбай көпүрө бузула баштады. Муну ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Текшерүү учурунда аныкталгандай, аталган көпүрөнү куруу боюнча тендер 2012-жылы жай айларында өткөрүлгөн. Ага бир гана компания катышып, лизенциясы жок "Элит Аймак Курулуш" ЖЧКсы утуп чыккан. Расмий документтерге иш жүзүндө аткарылбаган иштердин тизмеги киргизилген. Натыйжада мамлекетке 449 миң сомдон ашык зыян келтирилгени белгилүү болду.
"Бул факт боюнча Ош облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. «Элит Аймак Курулуш» ЖЧКсынын жетекчисине айып тагылууда. Иликтөө уланып жатат",- деп айтылат маалыматта.