Орусиянын борбору Москва шаарында катуу жаан-чачын жаап, бороон менен коштолууда. Чагылган түшүп, айрым метро станцияларын суу каптап жатканы кошумчаланды.
Мэрия эскертүү берип, тургундарга дарактардын, жарнамалык такталардын жана жеңил курулмалардын жанында турбоону сунуштады. Айдоочуларга болсо жол кыймылында этият болуп, унааларын коопсуз жерге токтотуу эскертилди.
Синоптиктер шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жете тургандыгын билиришүүдө.
Өзгөчө кырдаал жаралса, 112 кызматына кайрылуу керектиги маалыматта кошумчаланды.