Биз социалдык тармакта

Азербайжан Европа Кеңешинен чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

Бүгүн, 13-июлда Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкө Европа Кеңешинен толук чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди.

Анын айтымында, кеп мүчөлүктү убактылуу токтотуу эмес, уюмдан биротоло чыгуу тууралуу болуп жатат. Ошондой эле Европа Кеңешинин баш катчысы Ален Берсе Азербайжанды мындай кадамга барбоого чакырганын айтты.

Алиев 2024-жылдан бери өлкө Европа Кеңешинде басмырланып жатканын белгилеп, буга Азербайжандын делегациясынын добуш берүү укугунан ажыратылышы себеп болгонун билдирди. Өз кезегинде Европа Кеңеши бул чечимди Тоолуу Карабактагы адам укуктары жана шайлоолор боюнча кооптонуулар менен негиздеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан